• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз Эл акыны, жазуучу Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бишкекте учурда кыргыз Эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Опера жана балет театрынын алдындагы аянтта уюштурулган коштошуу иш-чарасына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана бийлик өкүлдөрү катышууда.

Омор Султановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Эске сала кетсек, Омор Султанов 2022-жылдын 3-апрелинде 86 жаш курагында дүйнө салды.

Омор Султанов 1935-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий