• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражатты уурдоо фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды чыгарып алуу жана уурдоо боюнча туруктуу схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө 2016-жылдан тартып азыркы убакытка чейин Чүй облусунун Кемин районунун билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды алып коюу жана уурдоо боюнча стабилдүү схема түзүлгөн.

Айта кетсек, мекеменин жооптуу кызматкерлери, ошол эле орто мектептин мугалимдердин атынан аларга айтпастан "Бай түшүм", "РСК" банктарынан электрондук эсеп ачып, ар кандай операциаларды жүргүзүп келишкен. Аталган банктарда эсептешүү эсептери бар экенин, ошондой эле бул эсептердеги ири суммадагы акча каражатын чыгарып кеткендигин билбеген мектеп мугалимдери аныкталган.

Өз кезегинде банкоматтардын эсептеринен акча каражаттары башкы эсепчи Д.М., ошондой эле эсептешүү бухгалтери К.Э. тарабынан чыгарылган.

Келтирилген зыянды аныктоо үчүн УКМНнын тергөө бөлүмү тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы министрлигинин адистери тарабынан текшерүү жүргүзүү дайындалып, алдын ала жыйынтыктар боюнча аныкталган зыян 10 млн сомду түзгөн.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий