• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунда иштеп жаткан Кытай жараны дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунда иштеп жаткан Кытай жараны дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытай жараны 6-июлдан бери дайынсыз болууда, бирок ӨКМге билдирүү 10-июлга келип түшкөн.

"Аталган жолду куруп жаткан Чайна-Роуд компаниясынын 1979-жылы туулган кытайлык жумушчусу дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат КР ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн. Күн мурун издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн министрликтин №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий