• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Издөө! Бишкекте 13 жашар бала дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Бишкекте 13 жашар бала дайынсыз жоголду, - деп билдирет Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Свердлов райондук ИИБне И.Н., аттуу шаар тургуну кайрылып, 2007-жылдын 11-декабрында туулган Бебез Саид Идрисович аттуу уулу дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Ал 16-сентябрда болжол менен саат 15:00дө "Дордой" жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Учурда баланын жүргөн жери белгисиз. Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Белгилери: бою 145-150 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кыска, кара.

Кийимдери: мектеп формасын кийип жүргөн, үстүндө ак түстөгү көйнөк, кара шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.

Бебез Саиддин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (0553)102387, (0702) 228505, (0702 )498888, (0552) 102743 же 102 кызматына.

Пикир

Оставить комментарий