• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 159-183-чакырымына асфальтобетон төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 159-183-чакырымына асфальтобетон төшөлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдун 16 чакырым үстү жана 10,5 чакырым астына асфальтобетон төшөлүп, 25 даана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу бүткөрүлдү. Ошондой эле эки көпүрөдө жана 10 суу өткөрүүчү түтүктөрдө курулуш иштери жүрүүдө.

Курулуш иштерине түзүлгөн келишимдин баасы 17,9 млн долларды түзөт. Бүгүнкү күнгө 7,5 млн доллар коротулду.

Долбоорду ишке ашыруу 2024-жылы аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий