• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Түнкү кырсык” тасмасы “Оскар” сыйлыгы үчүн ат салышат

Маданият 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Оскар боюнча комитети Америкалык кинематографиялык искусство жана илим академиясынын “Оскар” сыйлыгы үчүн режиссёр Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” фильмин көрсөтүштү.

Тасма “Чет тилдеги мыкты тасма” категориясында ат салышат.

Кино Тенти аттуу жалгыз тажаал чал жана кызыктай кыз тууралуу. Эркек киши түндө жаракат алган кызды айылдын жолунан таап алат. Ага кам көрүп жатып, Тенти аны бара-бара сүйүп калат.

Улуттук комитеттин отуруму кечээ, 26-сентябрда Айтматов атындагы кино үйүндө өткөн. Катышуу үчүн Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” жана Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы көрсөтүлгөн. Бул тууралуу кинематографисттер бирикмесинен билдиришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Түнкү кырсык” фильми комитеттин мүчөлөрүнүн көбүнүн добушун алган.

Эске салсак, Кинематограф тармагындагы жетишкендиктер үчүн 91-“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи келерки жылдын 24-февралында Лос-Анжелес шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий