• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түп районунун Михайловка - Токтоян унаа жолунун 8,8 чакырымына асфальт басылды

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Түп районундагы Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары иштеп, жаңы алынып келинген техникалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатып, жумуштар белгиленген мөөнөттөн эрте жыйынтыкталды.

"Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Жер иштери июль айында башталган. Этап-этабы менен жасалган бул жол бардык нормаларга жооп берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий