• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түптө чек ара тилкесинде малын жайган жарандарга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жергесинде жылкылардын жана бодо малдын үйүрү кыргыз-казак чек ара сызыгына жакын аймакта жайылып жүргөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешендей, кароосуз калган 300 баш жылкы жана 95 ири мүйүздүү мал чек ара сызыгына жакын аймакта жайылып жүргөн.

Чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мал ээлерин аныктоо үчүн иш-чараларды жүргүзүп, мал ээлери чек ара режимин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, айып төлөштү.

14-17-сентябрь мезгил аралыгында чек арачылар Түп районунун акими жана башка өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл облусунун чек арага канатташ аймагындагы тургундар арасында чек ара сферасындагы улуттук мыйзамдын беренелерин түшүндүрүү боюнча жыйын өткөрүштү.

УКМК Чек ара кызматынан белгилешкендей, мал-жандыктар мамлекеттик чек арага жакын жерде кароосуз жайылып жүрүп, чек арадан өтүп кетсе аларды кайрып келүү үчүн өз алдынча мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандар кылмыш ишине чейин жеткен жоопкерчиликке тартылат.

Ошондой эле ведомство мамлекеттик чек арада ар кандай түрдөгү маселелер жаралган жагдай түзүлсө аларды улуттук мыйзам чегинде чечүү үчүн жарандар Чек ара кызматынын жакынкы тарамдарына кайрылышы керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий