• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-10-октябрь күндөрү Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Оюндарга 10 жаштан 25 жашка чейинки шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн жарандары катыша алат.

Конкурстук программа төмөнкү номинациялардан турат:

  • Пианино жана скрипкада ойноо, көркөм сүрөт искусствосу, академиялык жана жеке элдик ырдоо, эстрада ыры, элдик бий өнөрү.

Фестивалдын программасы төмөнкү номинациялардан турат:

  • Элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк багыты.

Иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КРнын Дельфи комитети тарабынан, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ассамблеясы, Парламенттер аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылып, Бишкек шаарынын мэриясынын катышуусунда өтөт.

КМШга катышкан мамлекеттердин Жаштардын Дельфи оюндары - Шериктештик өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык иш – чарасы катары белгилүү. Ал бир эле мезгилде катышуучуларды курактык топтору жана чыграмачылыктын түрлөрү боюнча бөлүү менен элдик, классикалык жана заманбап искусствонун ар кандай номинациялары менен өтүп келет. Маданият жана искусствонун жогорку деңгээлдеги жаш ишмерлерин өз ара байланыштырган конкурстук жана фестивалдык мелдештер, мастер-класстар, илимий-практикалык жана оюн-зоок иш-чаралар Дельфи оюндарынын жыйындысы болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Оюндар жаш таланттарды табуу, колдоо жана калыптандыруу үчүн мыкты аянтча болууда. Учурда бул оюн суроо – талапка ээ болгон массалык иш–чаралардын бири болуу менен, 65 өлкөнүн өкүлдөрүн жана биринчи кезекте-КМШга катышкан бардык мамлекеттердин таланттуу жаштардын башын бириктирди.

Оюндар 2002-жылдан бери КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин чечимине ылайык өткөрүлүп келет. Оюндарга КМШнын Аткаруу комитети, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы, гуманитардык кызматташтык боюнча Кеңеш жана КМШга катышкан мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду, КМШга катышкан мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча кеңеши, КМШга катышкан мамлекеттердин жаштардын иштери боюнча кеңеши, Европа Кеңеши жана ЮНЕСКО колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий