• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын четиндеги жаңы конуштар өнүктүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында Швейцария элчилигинин колдоосу менен каржыланган "Аракет" долбоорунун алкагында түзүлгөн Координациялык кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жыйында долбоорго кирген муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы, Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын маселелери талкууланып, соңунда быйылкы жылга "Эдельвейс" конушунда жаңы суу насосун орнотуу, "Манас-Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар ойноочу аянтчаларды куруу, бул боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдоо милдеттери коюлду.

"Аракет" долбоорунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шаар четинде жашаган жарандарга жашоо шарттарын жакшыртууга, жагымдуу шарттарды түзүлүп, тиешелүү колдоолор көрсөтүлөт.

Белгиленгендей, долбоордун программасы 8 жылга эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий