• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы "Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борбору" федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинде болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин РФ Илимдер академиясынын башкы директору, академик, профессор, медицина илимдеринин доктору Андрей Каприн менен жолугушуусу эки өлкөнүн медицина илими жана медициналык билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп калды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борбору" федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси менен кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.

Тараптар кадрдык потенциалды чыңдоого, илимий изилдөөлөрдү биргелешип ишке ашырууга, медициналык туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн жаш онколог-окумуштууларынын кызматташуусуна кызыкдар экендигин билдиришти.

Медициналык билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, анда Кыргызстандын онкологдору үчүн "Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борборунун" базасында квалификацияны жогорулатуу, тактап айтканда, жилик чучугун трансплантациялоо боюнча программалар сунушталды.

Тараптар ошондой эле академик Андрей Каприндин өзүнүн жана Кыргызстандагы алдыңкы россиялык онкологдордун катышуусунда онкологдор үчүн бир катар мастер-класстарды уюштурууну талкуулашты.

Клиникалык иш чөйрөсүндө телемедициналык технологияларды колдонуу менен татаал клиникалык учурлар боюнча консультацияларды уюштуруу маселелери каралып, Улуттук онкология жана гематология борбору жана Ош онкология борбору менен жумасына эки жолу онлайн консультацияларды өткөрүү, ошондой эле РФ Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борбору" федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинде шишиктердин гистологиялык жана молекулярдык генетикалык верификациясын аныктоо үчүн материалдарды жөнөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу макулдашылды.

Илимий ишмердүүлүк да кызматташтыктын негизги багыты болуп саналат. Кыргызстандын Улуттук онкология жана гематология борборунда жана Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борборунда” жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр боюнча жалпы маалымат берүү жана биргелешип ишке ашыруунун келечектүү багыттарын аныктоо пландаштырылууда. Ошондой эле биргелешкен илимий конференция өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий