• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 28 жаштагы келин үч эм төрөдү

Ден соолук 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы төрөт үйүндө үч эм төрөлдү.

Облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Касымбаеванын айтымында, үч эм 15-октябрда төрөлгөн. Үчөө тең кыз. Апасы Сузак районунун Кызыл Кыя айылынын 28 жаштагы тургуну Аксана Омокова.

"Ымыркайлар жана энеси өзүн жакшы сезип жатат. Кыздар аман-эсен төрөлдү. Биринчи ымыркай 2400 кг, экинчиси 2350 кг, үчүнчүсү 3100 кг салмакта жарык дүйнөгө келди", - дейт Касымбаева.

Омокованын дагы төрт баласы бар: үч эркек жана бир кыз.

Эскерте кетсек, бир үй-бүлөдө үч же андан ашык бала төрөлсө өкмөт ар бирине 50 миң сомдон сүйүнчү пул төлөп берет.

Пикир

Оставить комментарий