• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төраганын орун басары Жамиля Исаева ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

Төраганын орун басары акыркы жылдары Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташуу активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, расмий сапарлар жана саммиттер эки тараптуу алакаларды арттырууга берилгендигин көрсөтүп жатканын кошумчалады.

"Биз Европа Биримдиги менен эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даярбыз жана демократиялык реформаларды жүргүзүүдө Евробиримдиктин туруктуу колдоосун жогору баалайбыз", - деген Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин жана Европарламенттин деңгээлинде байланыштар жана жолугушуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Муну менен катар, төраганын орун басары 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар Диалогуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өткөнүн эске салып, мерчемделген иш-чаралардын алкагында аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы маселелер талкууланарын белгиледи.

Өз кезегинде Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала 2024-жылы Европарламентке шайлоо өтөөрүн айтып, Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы көптөгөн артыкчылыктуу маселелер боюнча кызматташуунун натыйжалуулугун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий