• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрѳбаев кайрадан түзүлгөн Кыргыз геологиялык кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде болуп, кайрадан түзүлгөн Кыргыз геологиялык кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда Бакыт Тѳрѳбаев “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын, Борбордук лабораториянын, Геологиялык фонддун ишин жана Геологиялык музейдин абалын көрүп чыкты.

Геологиялык музейдин имараттары жана экспонаттары менен таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев документтерди санарипке өткөрүүнү тапшырды, учурда бул иштердин 20% гана аткарылган.

Ал эми “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын иши боюнча Бакыт Төрөбаев баардык мамлекеттик кендер боюнча лицензиянын болушун эске алуу, эрежелерди сактоо жана ар дайым мыйзам чегинде гана иш алып баруу маанилүү экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын ишинин маанилүү компоненти катары инвестицияларды тартууну белгиледи.

Белгилей кетсек, пайдалуу кендерди иштетүү бүтүндөй өлкөнүн бюджетин түзүү индикаторунун маанилүү кыймылдаткычы. Алсак, 2010-жылдан 2023-жылга чейин (2023-жылдын 6 айын кошкондо) республикалык бюджетке тоо-кен тармагынан жалпысынан 197,4 млрд сом өлчөмүндө салыктар түшкөн.

Ошондой эле Бакыт Тѳрѳбаев Борбордук лабораторияда жүргүзүлүп жаткан иштер, акыркы изилдөөлөр менен таанышып, лабораториянын ишинин жыйынтыгын жакшыртуу үчүн бардык талаптарды эске алуу менен бул тармактын деңгээлин көтөрүүнү жана реформалоону тапшырды.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Борбордук лабораториясы геологиялык маселелерди чечүү үчүн минералдык сырьёлорду комплекстүү изилдөө менен алектенет. Анда тоо тектери, рудалар жана аларды кайра иштетүү продуктулары, минералдар, катуу күйүүчү минералдар, табигый суулар, топурактар талданат. “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасы 80 жылдык кесиптик тажрыйбасынын ичинде Кыргызстандагы бардык белгилүү пайдалуу кендер боюнча аналитикалык иштердин негизги бөлүгүн аткарган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев соңунда бүткүл өлкөнүн экономикасынын негизги флагмандык көрсөткүчү катары жер казынасын пайдалануу тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстан бул жаатта ийгиликтерге жетише алат жана бул үчүн бардык ресурстар бар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий