• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Энергетика жаатында кызматташуу Кыргызстанга дагы, Пакистанга дагы пайдалуу"

Саясат 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик расмий делегация Пакистан Ислам Республикасынын соода-өндүрүш палатасынын мүчөлөрү жана бир катар жергиликтүү ишкерчилик чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору талкууланып, тараптар Кыргызстандагы инвестициялык шарттар тууралуу да пикир алмашышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын салык системасы жана мыйзамдык базасы чет элдик инвесторлор үчүн өтө ылайыктуу экенин белгилеп: "Жогорку Кеӊеш да ишкерчилик кылууну көздөгөн ар бир инвесторду колдоого даяр",- деди.

Ал эми Пакистан соода-өндүрүш палатасынын өкүлдөрү медицина, фармацевтика, кен иштетүү, IT технология, айыл-чарба, анын ичинен эт өндүрүү багытында кызматташууга кызыктар экендиктерин билдиришип, аталган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга болорун кошумчалашты.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында жергиликтүү "ENERGO POWERGEN LTD ЭНЕРГОХОЛДИНГ" компаниясынын өкүлдөрү менен да жолугушуу уюштурулуп, тараптар энергетикалык жаатта кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Компания өкүлдөрү Пакистандагы ишке ашырылган ири энергетикалык долбоорлор тууралуу маалымат берип, өздөрүнүн инвестициялык патенциалынан учкай кеп кылышты. Ал эми Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы суу энергиясын өндүрүү багытындагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берип, аталган тармакта кызматташуу эки өлкө үчүн теӊ ылайыктуу болорун билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков башында турган парламенттик делегация Пакистанда расмий иш сапар менен жүрөт. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Абдимуктар Маматов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов, Эмил Токтошев бар.

Пикир

Оставить комментарий