• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага фракция лидерлери менен президенттин ӨА киргизүү тууралуу жарлыгын талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев беш фракция лидерлери менен бир аз мурда эле жолугушуу өткөрүп, президенттин Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бир фракция лидери шаар сыртында болгондугуна байланыштуу келе алган жок. "Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизүү боюнча Президенттин жарлыгын Жогорку Кеңештин кароосуна коюу маселесин талкуулашты. Жыйындын убактысы жана өтүлүүчү жери расмий түрдө такталгандан кийин алдын ала маалымат беребиз", - деди Нуракун уулу.

Пикир

Оставить комментарий