• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Мамытов ЖККУ ПАнын кеңешинин көчмө жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.06.22./Кабар/. Бүгүн, 6-июнда төрага Талант Мамытов Армения Республикасынын борбор калаасы Ереванда өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин көчмө жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Талант Мамытов мындан 30 жыл мурун Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишимге кол коюлганын, ал эми 20 жыл мурун ошол документтин негизинде Жамааттык коопсуздук келишими уюму түзүлгөнүн эске салды.

“Андыктан мындан ары да коопсуздукка коркунуч жараткан ар кандай кырдаалдарга жана чакырыктарга каршы биргелешип аракет көрүү менен уюмдун максаттарына ылайык иш алып барууну улантуубуз кажет. Анткени, уюмдун кризистерге жооп берүү системасы олуттуу мааниге ээ. Айрыкча, эл аралык терроризм, диний экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана башка көптөгөн көйгөйлөрдөн улам жаралган коркунучтарга өз убагында чара көрүү үчүн дыкат көңүл бурууну талап кылган кызматташтыкты тереңдетүү шарт”, – деди төрага Талант Мамытов.

Муну менен катар Кыргыз Республикасы ЖККУнун потенциалын чыңдоого, өз ара ишенимге негизделген толук кандуу аскердик-саясий структураны түзүүгө өзгөчө маани берерин кошумчалап: “Биз аскердик-экономикалык жана коопсуздук чөйрөлөрүндөгү көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Анткени баарыбыз коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу менен гана чектелбестен, алардын келип чыгуу себептерин жоюуга басым жасашыбыз зарыл”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Ал эми жыйындын күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралып, ЖККУ алкагында кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы баяндамалар жасалды. Ошондой эле уюштуруу иштерине тиешелүү сунуштар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы ЖККУ ПА Кеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Армения Республикасына иш сапары менен барган. Делегациянын курамында депутаттар Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев жана Алишер Эрбаев бар.

Пикир

Оставить комментарий