• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага ЖК аппаратынын кызматкерлери менен мыйзам долбоорлорунун сапатын жакшыртууну талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.01.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчилери жана тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүү, документ жүгүртүүнү санариптештирүү жана мыйзам долбоорлоруна карата сапаттуу укуктук экспертиза жүргүзүү маселелерин талкуулоо максатында жыйын өткөрдү.

Төрага Нурланбек Шакиев документтер менен иштөөнү сапаттуу уюштуруунун, мыйзам жана токтом долбоорлоруна карата белгиленген талаптарга ылайык экспертиза жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бүгүн, жаңы жылдын биринчи иш күнүндө мыйзам чыгаруу процессин документалдык камсыздоого, жарандардан, мамлекеттик органдардан келип түшкөн каттар менен кайрылууларды өз убагында кабыл алууга жана аны иштеп чыгууга, документтерге экспертиза жүргүзүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңешке жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык актуалдуу маселелерди кароого жооптуу Аппараттын негизги бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чогулттум. Себеби, кабыл алынган ар бир мыйзам жана экспертизалык корутундулар сапаттуу, грамматикалык жактан туура жана колдонуу үчүн түшүнүктүү болууга тийиш", - деген Нурланбек Шакиев документ жүгүртүүнү мамлекеттик тилде алып барууга өзгөчө көңүл бурду.

Айрыкча санариптештирүү процессин аяктоо менен "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүүнү андан ары улантуу зарылчылыгына токтолгон төрага, өткөн жылы Жогорку Кеңеш башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле документтерди электрондук форматка өткөрүүгө багытталган аталган маалыматтык системаны колдоно баштаганын кошумчалады.

Мындан тышкары, төрага Жогорку Кеңештин аппаратын парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктары менен белгиленген багыттар боюнча тыгыз байланышта, жемиштүү иштерди жүргүзүүгө чакырды.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев иш кагаздарын жүргүзүүнү стандартташтыруу, аткаруу тартибин жакшыртуу, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Андан соң парламенттин аппаратынын бөлүм башчылары аткарылып жаткан иштерге токтолушту. Жыйын алкагында Жогорку Кеңештин аппаратынын алдыдагы иш планы да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий