• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев тааныштырды.

Анын айтымында, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион АКШ долларын түзөт.

Кыргыз Республикасынын үлүшү 70 млн АКШ долларын түзөт жана 3 жылга республикалык бюджеттен төлөнөт. Фонддун уставдык капиталын толуктоо графигине ылайык, 5,0 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар Фонддун уюштуруучулары тарабынан акционерлердин уюштуруу чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары төлөнөт. «Калган үлүштөр жыл сайын 18, 23 жана 24 миллион долларлык үч транш менен төлөп беришет”, - деди Экономика жана соода министринин орун басары.

Талкууда депутат Балбак Түлөбаев фонддун башкы кеңсесин Бишкекте уюштуруу туура болорун айтып, анын келишимдеги шарттарын тактады.

Ошондой эле, жыйында депутаттар «2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, колдоп берди.

Пикир

Оставить комментарий