• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы айыл чарба продукцияларынын соода жүгүртүүсү $52,2 млн түздү

Экономика 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү 52,2 млн долларды түздү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

- жемиштер – 30,7 миллион доллар;
- майлуу өсүмдүктөр – 1,5 млн доллар;
- жашылчалар – 2,5 млн доллар;
- жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү азыктары – 5,5 млн доллар;
- кант жана кант кондитердик азыктары – 1,2 млн доллар;
- тамеки жана тамекини алмаштыруучу заттар – 2,4 млн доллар;
- эт жана тамак-аштын кошумча азыктары – 795,8 миң доллар;
- жашылча-жемиштерди кайра иштетүү продуктылары – 794,0 миң доллар;
- кофе жана чай – 651,2 миң доллар;
- дан эгиндери – 260,4 миң доллар.

2022-жылдын январь-август айларында эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү 55,4 млн долларды түздү. Анын ичинен экспорт 3,2 млн долларды түзгөн:

- пахта буласы - 1,1 млн доллар;
- алкоголдук жана алкоголсуз продукциялар – 726,8 миң доллар;
- тамеки жана тамекини алмаштыруучу өнр жай товарлары – 275,5 миң доллар;
- бал – 243,2 миң доллар;
- жемиштер – 238,0 миң доллар;
- малдын жүнү жана жүн – 188,7 миң доллар;
- дан эгиндеринен даярдалган продукциялар жана ун – 142,0 миң доллар;
- эт жана балык азыктары – 49,4 миң доллар;
- май уруктары – 41,8 миң доллар;
- кант жана кант кондитердик азыктары – 46,8 миң доллар;
- мал чарба азыктары – 22,1 миң доллар.

Пикир

Оставить комментарий