• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте жыгач материалдарын иштеткен заводдон өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Бишкектин Теңдик конушунда жайгашкан "ЛесПромАзия" жыгач материалдарын иштеткен заводдон өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык бүгүн катталган. Жерине бир күжүрмөн эсеп тартылган.

Тилсиз жоо саат 08:29да чектөөгө алынып, 11:42де толугу менен өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, ишкананын имаратынын ичиндеги жыгачтын калдыктары өрттөнүп, анын аянты 80 чарчы метрди түзгөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ичиндеги станоктор жана имарат сакталып калды. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий