• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия акысыз дарыланууга кыргызстандыктар үчүн квотаны көбөйттү

Ден соолук 0

Бишкек. 01.11.18 /Кабар/. Кыргызстан менен Түркиянын саламаттыкты сактоо министрлери кыргызстандыктардын түрк клиникаларында бекер дарылоо үчүн квоталарды 150гө чейин көбөйтүү тууралуу макулдашышты.

2014-жылдан баштап Түркия кыргызстандыктарга жыл сайын акысыз дарылануу үчүн 100 квота берип келген.

Бул норма эки өлкө өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыктык сактоо тармагында кызматташуу тууралуу келишимдин алкагында иштеп келет.

Келишимге ылайык, 50 адамды КР Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы тандаса, Түркиянын КРгы элчилиги – 50 тандайт.

Түрк клиникаларындагы дарылануу гана акысыз, ал эми калган башка чыгымдарды бейтаптар өздөрү төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий