• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз улуттук агрардык университетине Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Депутат Кенжебек Бокоев Кыргыз улуттук агрардык университетине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү сунуштады. Мындай сунушту депутат Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анын айтуусунда, бул жакшы демилге болот.

“Жазуучунун 90 жылдык мааракесин бүткүл дүйнө майрамдоодо. Ошол мааракенин алкагында Чыңгыз Айтматовдун ысымын Кыргыз улуттук агрардык университетине ыйгаруу маселесин кароону сунуштайм. Ал ушул окуу жайда 1948-1953-жылдары окуган. Ошондуктан биз университетти анын ысымы менен атасак, анда жакшы иш кылган болобуз”, - дейт Бокоев.

Пикир

Оставить комментарий