• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия Ливияга аскер жөнөтүүгө ниеттенүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Түркия президенти ливия өкмөтүн козголоңчул генерал Халиф Хафтардан коргоо үчүн бул өлкөгө аскер жиберүү чечими тууралуу жарыялады. Бул сунуш парламентке жөнөтүлдү.

Түркия лидери январь айында парламенттин макулдугун алууга үмүт артарын билдирди.

Буга чейин Анкара Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү менен коопсуздук маселелери жана аскер тармагында кызматташуу жөнүндө эки келишимге кол койгон.

Эрдоган козголоңчул генералга Орусия аскерлеринин көмөктөшүп жатканына унчукпай карап отура албасын маалымдаган. Түркия лидеринин айтымында, Ливияда Орусиянын “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын эки миңден ашуун адамы бар.

Батыш маалымат агенттиктери Ливиядагы Хавтардын элдик армиясына Орусиядан бөлөк Франция, Египет жана Бириккен Араб Эмираттары көмөк көрсөтүп жатканын жазышууда. Хафтардын өкүлдөрү Анкараны Тунис аркылуу Ливияга “Ислам мамлекети” террордук тобунун жихадчыларын жөнөтүп жатат деп айыптоодо.

Орусия Ливиядагы согуштун аякташына кызыктар экенин айтып, ал жактагы жарандык согушка катышы жок экенин билдирүүдө.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн расмий жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливияда кош бийлик орногон. Чыгышты парламент жана Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Батыш чөлкөмүндө, Триполиде БУУнун колдоосу менен түзүлүп, эл аралык коомчулук тааныган улуттук ынтымак өкмөтү жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий