• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда кыргыз күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 01.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Анкара шаарында (Түркия) 3-декабрда кыргыз күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирет.

Маалыматка ылайык, медалдар 60 кг чейин жана 65 кг, 70 кг, 75 кг, 80 кг жана 85 кг чейинки жана 85 кг ашуун салмактык категориялар боюнча ойнотулат.

Мелдешке бардык каалоочулар катыша алышат.

“Учурда Кыргызстан, Казакстан, Грузия, Түркия, Түркмөнстан жана Россиядан спортчулардан билдирүү келип түштү”,-деп билдиришти уюштуруучулар.

“Кыргыз күрөшү” – кыргыз элинин байыркы улуттук кыргыз оюндарынын бири.

Пикир

Оставить комментарий