• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулук районунда мончодон өрт чыкты

Аймак 0

Бишкек, 01.12.17. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Студент айылынын Комсомол көчөсүндөгү 47-дарегинде жайгашкан мончодон өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 30-ноябрда болжол менен саат 22:45 чамасында болгон.

“Мештин жана мордун туура эмес түзүлүшүнөн өрт чыгып, натыйжасында 80 чарчы метр айнек пахта менен капталган мончонун шыбы күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий