• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда учак кырсыгынан бир адам каза болуп, 150дөн ашыгы жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Pegasus Airlines авиакомпаниясынын учагы Стамбул аэропортунда кырсыкка учурап, жыйынтыгында бир адам каза болуп, кеминде 157си жабыркады. Жалпысынан бортто 177 киши болгон.

— Учак 30 метрлик бийиктиктен конуу тилкесине кулап түшкөн, — деп билдирди Стамбулдун губернатору Али Йерликай жергиликтүү телеканалдын эфиринде.

5-февраль күнү кечинде Измир-Стамбул каттамын аткарган «Боинг» учагы конуу маалында кырсыкка учурап, экиге бөлүнүп кеткен.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсыкка катуу шамал себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий