• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 2,8 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 2 млн 897 миң 883 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Маалыматка ылайык, жалпы 202 миң 808 адам каза болду. Илдетти эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны - 939 миң 53тү түзөт. Ал эми Испанияда 223 миң 759, Италияда 195 миң 351, Францияда 161 миң 644, Германияда 156 миң 513, Улуу Британияда 149 миң 569, Түркияда 107 миң 773, Иранда 89 миң 328, Кытайда 83 миң 909 жана Россияда 74 миң 588 жаран жуктурган.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, дүйнөдө коронавирусту 2 млн 724 миң 809 адам жуктурса, 187 миң 847 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий