• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуккандардын саны 1865 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 26.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 26-апрели саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус жуккандардын саны 1865 адамга жетти. Бул тууралуу ӨРнын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт.

Өлкөдө сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алган 29 жаңы учур катталган, оорудан айыккан 86 бейтап реабилитациялык борборлорго которулган.

Өлкөдө карантин 10-майга чейин узартылган. Бирок, 25-апрелде айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат бериле баштады.

Өзбекстанда илдеттен жалпы 707 жаран айыккан, каза болгондордун саны сегизди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий