• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда коронавируска шектелип 12 адам ооруканага жеткирилди

Дүйнө 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Түркиянын Каппадокия шаарында саякаттап жүргөн кытайлык он жаран жана Түркиянын эки жараны коронавирус илдетине шектелип ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу DHA агенттиги билдиргенин Известия басылмасы жазат.

Аксарай провинциясынын губернатору Али Мантынын айтымында, туристтердин бирөөсү жөтөлүү жана жүрөк айлануу белгилери менен ооруканага кайрылган.

"Жаңы вирустун белгилерин камтыган жөтөлүү жана жүрөк айлануусу менен бир турист кайрылган. Дарыгерлер коопсуздукту шарттоо максатында калган тогуз туристти жана эки түркиялык жаранды көзөмөлгө алган", - деп айтылат маалыматта.

Бейтаптардын анализдери өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине жиберилген.

Учурда бардык ооруга шектүүлөр жергиликтүү оорукананын жугуштуу бөлүмүндө жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий