• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда жыл сайын өтүүчү фестивалдын алкагында “Кыргызстан кечи” болду

Саясат 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. КРнын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарынын Кечиоренг районунун муниципалитети менен биргеликте Рамазан айына карата салтка айланган фестивалдын алкагында “Кыргызстан кечин” өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КРнын Түркиядагы элчилиги, Кечиорен районунун башчысы Мустафа Ак, Кайсери шаарындагы Кыргызстандын ардак консулу М.Курт, Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси, Түркия министрликтеринин жана мекемелеринин, ошондой эле дипломаттык корпустун өкүлдөрү катышышты.

Андан тышкары иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, Кечиорен районунун муниципалитети менен иш байланыштарын бекемдөө максатында Анкара шаарына келген Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев баштаган делегация катышты.

“Кыргызстан кечинин” жүрүшүндө эстрада ырчысы Самара Каримованын жана “Ак-Ниет”, “Мырза-Айым” музыкалык жамааттарынын өнөрлөрү тартууланды.

Ошондой эле кыргыз жасалгалары, “Кыргыз үйүнүн” ачылышы болуп, анда КРнын инвестициялык жана туристик потенциалы тууралуу маалымат буклеттери, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) тууралуу видео ролик көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий