• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы кыргыз павильону коноктордун чоң кызыгуусун жаратты

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-23-сентябрында Анкарада Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына жана Түркияда жайгашкан жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы Гордион шаарына арналган Дүйнөлүк маданият фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги менен Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу астында “Эбришем” искусство галереясы тарабынан уюштурулган иш-чарага 55 чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, анын ичинде Кыргызстандын да өкүлчүлүгү катышты.

"Фестивалга катышуу үчүн элчилик Анкарадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте кыргыз элинин салттуу маданиятын чагылдырган түрдүү буюмдар коюлган көргөзмө павильонун даярдады. Иш-чаранын эки күнүндө Кыргызстандын павильонуна 1000ден ашык адам келди. Павильондо коюлган кыргыз боз үйүнүн жасалгасы, элдик көркөм өнөр буюмдары, кийиз менен жибектен тигилген улуттук кийимдер иш-чаранын коноктору арасында өзгөчө кызыгуу жаратты", - деп билдирди элчи Казакбаев.

Пикир

Оставить комментарий