• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Түркия Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сизге ден соолук, бакыт-таалай жана бейпил жашоо каалайм.

Боордош элдердин жалпы тарыхый жана маданий тамырына негизделген Кыргызстан менен болгон терең жана көп кырдуу мамилелерибиз күндөн-күнгө дагы да чыңдалып жатканы мени абдан кубандырат.

Биздин стратегиялык кызматташтык эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда, ошондой эле аймактык деңгээлде мындан ары да тереңдей берээрине болгон ишеничим бекем.

Учурдан пайдаланып, Сизге бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган Кыргызстан элине -бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий