• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөн прокуратурасы Жаңы жылга акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине эскертүү берүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Ашхабадда жаңы жылдык иш-чараларга деп ата-энелерден акча чогулткан мектеп жана бала бакча жетекчилери прокуратурага чакырылууда. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы билдирүүдө.

Буга чейин борбордогу бала бакчаларда Жаңы жыл майрамына карата ата-энелерден 80 манаттан (23 долларга жакын) акча чогултулуп жатканы кабарланган.

«Ата-энелердин даттанууларынан кийин Ашхабад прокуратурасы шаардагы мектеп жана бала бакча жетекчилерин чакырууда. Анда директорлорго кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүндүгү эскертилип жатат», — деп жазды «Түркмөнстан хроникасы».

Басылманын маалыматына караганда, бала бакчадагы майрамдык иш-чарага Аяз ата менен Аяз кызды чакыруу үчүн ата-энелерден 50 манаттан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 30 манаттан талап кылынган.

Пикир

Оставить комментарий