• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстанда нан үчүн кезекке туруу уланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Түркмөнстанда нан үчүн кезекке туруу чыр-чатак менен коштолууда. Күн мурун кардарлар менен сатуучунун ортосундагы кайым айтышуу учуру тартылган видеону жарыяланган.

Видеожазууда нан үчүн кезекке турган киши сатуучудан тезирээк дүкөндү ачууну талап кылган. Бирок сатуучу жетекчиси түштөнүүгө кеткенин билдирип, соода жүргүзүүдөн баш тарткан, ортодо кайым айтышуу орун алган.

Буга чейин Дашөгүз облусунда аксакалдар коомунун үч мүчөсү кезексиз нан сатып алууга аракет кылганы үчүн жаңжал чыккан.

Быйыл июнда ун тартыштыгынан улам, Дашөгүз облусунун Болдумсаз районунда паспортун көрсөткөндөргө гана нан сатылып жатканы кабарланган.

Ал ортодо Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары өлкөдө уланып жаткан каатчылыкты жашырып, азык-түлүк жетиштүү экенин маалымдашууда.

Пикир

Оставить комментарий