• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ирандын тамшанткан таттуулары

Дүр дүйнө 0

Чыгыш өлкөлөрүнүн негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - тамшанткан таттуулары болуп эсептелет.

Эгер сиз Иран өлкөсүнө барып калсаңыз, таттуу тамак-аш азыктарынын түрүн кезиктиресиз.
Иран элинин сүйүп жеген салттуу таттууларына забан, сохан, залеби, фалуде, гяз жана башка аталыштагы, жасалышы дагы биз жеп жүргөн таттуулардын жасалышынан кыйла өзгөчөлөнгөн таттуулар кирет.

Забан («забан»-тил) – кондитердик каттамадан жасалган тил формасындагы таттуу.
Сохан-буудайдан жасалган халванын бир түрү. Сохандын бир нече түрү бар: салттуу, кунжут менен, бадам менен, сохан-халва ж.б.

Залеби-чыгыш таттуусу, Иранда эле эмес, жакынкы чыгыш өлөлөрүндө да баалуу. Иранда бул таттуу ыйык Рамазан айында өзгөчө пайдаланылат.
Фалуде - ичке крахмалдан жасалган же күрүч унунан кесмеден жана муздаган кант ширесинен жасалган десерт.

Гяз - Иран элинин салттуу таттууларынын бири. Гяздын курамына мисте кошулуп жасалат. Мисте канчалык көп болсо, баасы ошого жараша кымбатыраак болот.

Ошондой эле Иран эли кекстер жана кокостон жасалган печеньелерди көп жешет.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий