• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТүркПА Баку декларациясын кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Күн мурун, 18-декабрда Азербайжандын баш калаасы Бакуда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы Баку декларациясын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Анда парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары дагы тереңдетүү менен моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу, маданий баалуулуктарды биргеликте сактоо, парламенттердин аппарат кызматкерлеринин өз ара тажрыйба алмашуусун камсыздоо сыяктуу милдеттемелер бар.

Ошондой эле аталган документте ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Түрк соода-өнөр жай палатасынын түзүлүшү маанилүү экени баса белгиленген.

Андан тышкары, Кыргызстандын 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөнү айтылып, 2020-жылы Түркия жергесинде өтүүчү бул маданий-спорттук иш чарага ТүркПАга мүчө өлкөлөр катышууга чакырылды.

Муну менен катар 47 пункттан турган Баку декларациясына ылайык, 2020-жылы кезектеги ТүркПА жыйынын Казакстанда өткөрүү пландаштырылды.

Отурумдун жүрүшүндө Түркия Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Парламенттик Ассамблеянын төрагалыгын Азербайжан Улуттук Межилисинин төрагасынын милдетин аткаруучу Октай Асадовго өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий