• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Т.Сарпашев ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын иши учурунда МКК төрагасы милдетин аткаруудан четтетилди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевичти берген арызына ылайык, ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын иши учурунда мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы милдетин аткаруудан четтетүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруу МКК төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамкановго жүктөлдү.

Белгилесек, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматынан бошотуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунуштамасын кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн.

ков.

Ошондой эле, Президенттин аппаратынын жетекчисинин бюиринчи орун басары Кыргызстандын Президенти Евроньюс телеканалына маек курарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий