• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таалайбек Ибраев: Быйыл энергетиктерди турак жай менен камсыздоого бел байлайбыз

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 12-январда "Таш-Көмүр" жана "Каскад Токтогул" ГЭСине барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр "Таш-Көмүр", "Каскад Токтогул", "Камбар-Ата-2" "Нарын" ГЭСнин жана "Нарын" СГЭМ, "Гидропроектер" ишканасынын жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө ГЭСтеги агрегаттардын иштөө абалы, техникалык жагдайлар, транспорт алуу, энергетиктерди турак жай менен камсыз кылуу, 2022-жылдагы аткарылган иштер жана 2023-жылга коюлган пландар боюнча талкуу болду.

ГЭСтин жетекчилери учурда агрегаттардын режим менен иштеп жатканын, өткөн жылга коюлган иш план боюнча оңдоп-түзөө иштеринин бардыгы аткарылып, учурда мүчүлүштүктөр жок экенин билдиришти. Ага улай ишкананын жетекчилери 2023-жылы калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу ийгиликтүү өтөөрүн жана учурдагы катуу суукта кезметтешүү менен иштеп жатканын билдиришти.

Таалайбек Ибраев алгач аба ырайынын сууктугуна карабай күчөтүлгөн тартипте иш алып жаткан энергетиктерге ыраазычылык билдирүү менен биргеликте тиешелүү адистерге бир катар тапшырмаларды койду. Мындан тышкары, министрликтин алдыдагы аткара турган иш аракеттирине токтолду.

"Быйыл "Токтогул" ГЭСдеги төртүнчү агрегатты ишке киргизгенибиз чоң жетишкендик болду. Себеби, эгерде кыш мезгилинде былтыркыдай 2 агрегат менен иштегенде, учурдагыдай катуу суук маалында кыйналмакпыз. Төртүнчү агрегаттын ишке киришине сиздердин эмгегиңиздер чоң. 2023-жылы энергетика тармагында жакшы жакка өзгөрүүлөр, өсүштөр болот. "Чакан" ГЭСтерди көбөйтөбүз, техникалык жактан камсыздайбыз, мүмкүнчүлүктүн болушунча энергетиктерди турак жай менен камсыздоого бел байлайбыз. Ал ийгиликке жетүү үчүн сиздердин да жардамыңыздар керек, жоопкерчиликтүү иштеңиздер. Өзүбүздүн өлкөдө ушунча суу бар туруп, электр энергиясын башка өлкөдөн импорттогонубуз уят! Намыстанып иштешибиз керек" - деди министр Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий