• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстанга расмий сапары менен келген Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.

Алгач төрага Талант Мамытов бул жолугушуу байланыштардын мындан аркы өнүгүшү үчүн өзгөчө өбөлгө болуп берерин белгилеп: “Эки элди достук, бир туугандык, коңшулук алакалар байланыштырып турат. Биз ошол калыптанган алаканы ар тараптуу өнүктүрүшүбүз керек. Анткени Өзбекстан менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат”, – деди.

Ошондой эле Талант Мамытов Танзила Нарбаева баштаган делегацияны Өзбекстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап: “Ушул жылы эки өлкө ортосунда бир катар ири жолугушуулар, маанилүү иш-чаралар өттү. Буга мисал катары президентибиз Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарын, Кыргыз – Өзбек ишкердик кеңешинин I жыйынын, эки тараптуу кызматташтык боюнча Кыргыз-Өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын IХ отурумун айтсак болот. Мына ушул иш-чараларда сүйлөшүлгөн келишимдерди ишке ашыруу зарыл”, – деп кошумчалады.

Мындан тышкары парламенттер аралык кызматташтык тууралуу да сөз кылган Жогорку Кеңештин төрагасы: “Парламенттер ортосунда байланыштарыбыз жемиштүү уланууда. Айрыкча, Сиздин демилгеңиз менен чөлкөмдөгү айым депутаттар жана лидерлер ортосунда тыгыз алака калыптанды” ,– деди.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип: “Сиздерди да Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм. Бизди орток тарыхый, маданий, бир туугандык байланыштар жакындаштырып турат. Достук мамилеге негизделген алаканы дагы да өнүктүрүшүбүз абзел”, – деди.

Ошондой эле парламенттер аралык байланыштардын өзгөчөлүгүнө токтолгон Сенат төрайымы: “Мыйзамдарды шайкеш келтирүү, парламенттик көзөмөлдү күчтөндүрүү жаатында тажрыйба алмашып, жергиликтүү кеңештер ортосунда да алакаларды калыптандырышыбыз керек. Айрыкча, эл аралык уюмдардын алкагында, илим изилдөө багыттарында да жигердүү кызматташуу учур талабы”, – деп белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда чек ара, энергетика тууралуу да сөз болуп, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү сунушу көтөрүлдү. Муну менен катар Өзбекстанда өтүүчү президенттик шайлоого жана Кыргызстанда боло турган парламенттик шайлоого эки тараптуу байкоочуларды катыштырууну камсыздоо маселеси айтылды.

Пикир

Оставить комментарий