• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облустук прокуратурасы бир үй-бүлөгө эки жолу үлүш жерлери берилгендигин аныктады

Аймак 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Талас облустук прокуратурасы бир үй-бүлөгө эки жолу үлүш жерлери берилгендигин аныктап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 1995-жылы райондун тургуну Э.О. жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 2,1 га жер тилкеси үлүш катарында берилген.

Бирок 1997-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ушул эле үй-бүлөгө мйызамды бузуу менен экинчи ирет 1,8 гектар жер тилкеси үлүш катарында кайрадан берилген.

Өз учурунда прокуратура экинчи жолку мыйзамсыз берилген жер тилкенин чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Андай кийин соттук чечим мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Долоно айыл өкмөтүнө прокурордук акты келтирилип, анын жыйынтыгы менен 1,8 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий