• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда 8 миң түп жаңгак көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда «Бир жарандан – бир көчөт» экологиялык акциясынын алкагында "Ачы" жана "Каба" токой чарбаларынын 20 гектар жерине 8 миң жаңгак көчөтү тигилди.

Токой кызматынан билдиришкендей, ал эми "Тоскоол-Ата" токой чарбасына 1 миңге жакын экме токойлорун толуктоо жумуштары жүргүзүлдү.

Жаңгак токойлору жаңгактын түшүмүн гана бербестен, бир катар экологиялык жана экономикалык артыкчылыктарга ээ.

Жаңгак токойлору топурактын жакшырышына, биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышына жана эрозиянын азайышына өбөлгө түзөт, ошондой эле дарактар көмүр кычкыл газын сиңирип, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө жардам берет.

Жаңгак токойлору баалуу жаңгактардын үзгүлтүксүз түшүмүнүн аркасында көп жылдар бою туруктуу киреше булагы боло алат.

Пикир

Оставить комментарий