• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусундагы «Бала-Саруу» ГЭСин куруу иштери кызуу жүрүүдө

Экономика 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. «Чакан ГЭС» ААК Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн каржыга Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» ГЭСин куруу иштерин улантууда.

«Чакан ГЭС» ААКсынан билдиришкендей, учурда акционердик коом ГЭС имаратын жана басым түтүкчөлөрүн курууну ишке ашырууда.

Мындан сырткары, «Бала-Саруу» ГЭСине гидротехникалык жабдуу менен камсыздоого өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүсү Австриялык “Глобал Гидро Энерджи» компаниясы кубаттуулугу 5 МВт болгон биринчи гидроагрегат үчүн конус тибиндеги соргуч түтүкчөлөрдүн комплектисинин биринчи партиясын алып келди.

Маалымат үчүн:

«Бала-Саруу» гидроэлектростанциясы Талас облусунун Киров суу сактагычынын гидроэнергетикалык ресурсун эффективдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ресурстар суу сактагыч курулгандан баштап бул күнгө чейин ишке тартылган эмес. «Бала-Саруу» ГЭСинин иштөө режими Киров суу сактагычынын суугат иштери менен туураланат.

Пикир

Оставить комментарий