• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп Турдубек Момоконов дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Турдубек Момоконов 1980-жылы 13-мартта Талас районуна караштуу Чоң-Токой айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлү 5 баланын атасы. Билими жогорку Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетин аяктаган. Эмгек жаатында 26 жылдык иш тажрыйбасы бар.

Буга чейин Турдубек Момоконов Талас шаарындагы Салымбеков Бизнес мектебинин жетекчиси болуп эмгектенип келген. Эмгек жолун 1997-жылы Талас районуна караштуу Хан-Бүргө орто мектебинде ардактуу делген мугалимдик кесиптен баштаган.

Пикир

Оставить комментарий