• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Талас шаардык аскердик комиссариатынын башчысы пара алып кармалды

Коом 0

Бишкек. 18.04.18 /Кабар/. Талас шаардык аскер комиссариатынын башчысы Ж.А. 25 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адам паспортту кайтаруу жана арыздануучуну аскер комиссариятына каттоого коюу үчүн жергиликтүү тургундан 25 миң сом талап кылган.

Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий