• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Молдовановкадагы № 31 түзөтүү мекемесинин аймагында соттолгондор үчүн оорукана курулат

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин аймагында соттолгон жарандар үчүн оорукана курулат. Бул тууралуу маалыматты “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу кызматынан ырасташты.

Учурда №47 мекеменин аймагында бир катар дарылоо бөлүмдөрү бар. Ал жакка өлкөнүн бардык облустарынан ооруган соттолгон жарандарды, кургак учук менен ооругандардан башкаларын алып келет.

“Кургак учук менен ооругандар Молдовановкадагы №31 мекемедеги корпуска алып келинет. Жакын арада ал жакка камактагылар үчүн жаңы оорукана курулат. Бирок кургак учук менен ооругандарды дарылап келген корпус сакталып калат”, - деп айтылат маалыматта.

№31 түзөтүү мекемесиндеги соттолгондордун дээрлик бардыгы №47 жана башка мекемелерге которулду.

Пикир

Оставить комментарий