• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" эл аралык аэропортунда жаны VIP-зал курулууда

Коом 0


Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда жаны VIP-зал курулууда. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөр үчүн жаңы 2500 миң чарчы метрди түзгөн VIP-залдын курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

VIP-зал заманбап бардык шарттары, стерилдик зонасы жана жаңы жабдуулар менен камтылат. Тагыраагы VIP-зал - "Манас 2" имаратынын 2-кабатында орун алат.

"Жакын арада VIP-залдын курулуш иштери жыйынтыкталса ишке берилмекчи. Ал эми азыркы иштеп жаткан VIP-залдын орду жергиликтүү каттамдар аткарылып жаткан имаратка кошулуп, бардык шарттары менен жасалып өз ишин баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий