• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Чүй облустук милициясында саптык кароо жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата нускама өкөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылды 16-август күнү Чүй облусунун ИИББда сапка тизилүү болуп, мамлекеттик желек көтөрүлүп, гимн аткарылды.

Облустук милициянын жетекчилиги алдыда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык
салтанаттар учурунда коомдук тартип сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кызматкерлердин жарандар менен сылык мамиледе болуп, жүрүм-турум эрежелерин бекем сактоосу боюнча талаптар коюлду.

Андан сырткары кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууну үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн бүгүнкү күнү иштеп жаткан кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр боюнча өздүк курам арасында сабактар жүргүзүлүүсү боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий