• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын батышында токой өрттөнүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. 16-августта Батыш Казакстан облусунун Байтерек районундагы талаада башталган өрт жакын жайгашкан токойго өтүп, жалын каптаган аянт 21 гектарга жетти.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, алгач Байтерек районундагы талаада куураган чөп күйө баштаган. Кечке жакын жалын Орол дарыясынан өтүп, Теректин районундагы токойго жайылган. Учурда жакын жайгашкан айылдардын тургундары үчүн эч кандай коркунуч жок.

Экоактивисттер акыркы кездери облуста катталып жаткан өрттүн көбөйгөнүн ысык аба ырайы жана Орол дарыясынын тайыздап жатканы менен байланыштырууда.

— Жайдын өтө ысыктыгы жана шамал өрттүн тез жайылышына себеп болууда. Мындан тышкары куурап калган чөптөр тазаланбайт: облуста кызматкерлер аз, жетишпей калып жатышат. Дагы бир фактор — Орол дарыясынын тайыздап жатышы. Суу азайып, бак-дарактарга нымдуулук жетишпей калууда. Азыр дал ошол токой өрттөнүп жатат, — деди "Жашыл фронт" аттуу экологиялык кыймылдын өкүлү Злата Удовиченко.

Пикир

Оставить комментарий