• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги “Сары-Өзөн” базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү — Бакиров

Коом 0


Бишкек, 17.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги “Сары-Өзөн” (Дыйкан) базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун чечими “Сары-Өзөндүн” 2,96 гектар жери жана активдери мамлекетке өттү.

“Учурда инвентаризация процедурасы жүрүүдө. Алдыда базардагы бардык төлөмдөр республикалык бюджетке түшүп турат”, - дейт ал.

Бакиров бүгүнкү күндө сотто каралып жаткан дагы башка объектилер бар экендигин айтып, соттун чечими менен сөз кайсы мекемелер тууралуу болуп жатканын билүүгө болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий